1. Ушул кыймылдаткычты тандоо

Выбрать эту комплектацию

4 Опциялар

  • RAV4 - ПРЕСТИЖ - 5-дв. вагон

    RAV4 ПРЕСТИЖ

    5-дв. вагон

    Кененирээк


    Үзгүлтүксүз трансмиссия | 4X4
  • RAV4 - ПРЕСТИЖ ПЛЮС - 5-дв. вагон

    RAV4 ПРЕСТИЖ ПЛЮС

    5-дв. вагон

    Кененирээк


    Үзгүлтүксүз трансмиссия | 4X4
  • RAV4 - Люкс - 5-дв. вагон

    RAV4 Люкс

    5-дв. вагон

    Кененирээк


    Үзгүлтүксүз трансмиссия | 4X4
  • RAV4 - ЛЮКС ПЛЮС - 5-дв. вагон

    RAV4 ЛЮКС ПЛЮС

    5-дв. вагон

    Кененирээк


    Үзгүлтүксүз трансмиссия | 4X4

Мындан ары эмне кылгыңыз келет?

*Ушул унаанын экстерьеринин элементтери сүрөткө дал келбеши мүмкүн

Чыныгы кроссовер. Компромисс жок

Toyota RAV4 чыныгы кроссовердин мүнөзүнүн жана абдан жаркын заманбап дизайнынын оптималдуу айкалышуусу менен ар түрдүү көйгөйлөрдү чечүүгө даяр. Ал жогорку айлануучу моменти жана аз ууланган иштетилген газдын уникалдуу айкалышы менен айырмаланып турат жана шаарда да, ошондой эле шаар сыртында да жүрүү үчүн идеалдуу келет. Toyota RAV4 каалаган жерге барууга мүмкүнчүлук берет.

Бул унаа бардык керектүү сапаттарга ээ жана ишенимдүүүлүк берип турат

Toyota RAV4 — биздин ар тараптуу кроссовер, өзүнө ийкемдүү стилин жана бышыктыгын гармониялуу айкалыштырып турат. Ал Сиз үчүн жаралган. Байгерчилик менен жабдылышы сиз кыялданган сапарларга чыгуулардан ырахат алууга мүмкүндүк берет.

*Чыныгы унаанын экстерьеринин элементтери сүрөткө дал келбеши мүмкүн

Өзүң жөнүндө билдир

RAV4 дизайны өзүнө көңүл бурдурат. Күчтүү жана сымбаттуу: экстерьеринин дизайнынын кыскача элементтери, таанымал силуэти, элеганттуу алдыңкы фаралары жана светодиоддуу уникалдык айкалыштырылган арткы фонарлары. Ал эми чыныгы кроссовердин мүнөзү аны шаарда да жана анын сыртында да жердин ээси катары көрсөтүп турат.

Өз жолуңузда болуңуз

Toyota RAV4 жолтандабас мүмкүнчүлүктөрү жаңы деңгээлге чыгууда. RAV4 - Multi-terrain Select системасы менен жабдылган, ал табияттын сыноолорунан көз карансыз болууга жана ар кандай абалдагы жолдордо жаңыланган Toyota RAV4 кыялын көндүрүүгө мүмкүндүк берет.

Эс алуу турган жер

RAV4 ичи интерьердин кынапталган дизайны менен тосуп алат. Салондун борбордук элементтери болуп кеңири борбордук консолу жана заманбап алдыңкы панели саналат. Унаада эс алуу жана сапардан ырахат алуу үчүн орун кенен. Өтө таасирдүү стили инновациялык технологиялар менен айкалышып турат, мисалы мобилдик түзүлмөлөрдүн зымсыз кубаттоочусу. Мультимедиялык системасы аркылуу смартфонуңуздун керектүү тиркемелерин пайдаланыңыз. Apple CarPlay жана Android Auto™ интерфейстери мобилдик түзүлмөнү кыйынчыгы жок эле унаага кошо аласыз.

Күтүүлөрдөн ашып түшкөн технологиялар

RAV4 салонунун чакан жана минималисттик ички дизайнынын артында инновациялык технологиялардын бир кыйла көлөмү жашырылап турат. Интуициялык түрдө түшүнүктүү болгон борбордук консолу, абдан кылдаттык менен ойлонуп жасалган буюмдар бөлүмү, навигациялык жана маалыматтык-оюн зоок системасы жана башкалар.
  • Мультимедиялык экраны Toyota RAV4 мультимедиялык экраны ыңгайлуулукка кошулуу жана жогорулатуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берген жаңы мультимедиялык система менен жабдууланган. Борбордук консолдогу жаны 8 дюймдук сенсордук дисплей тармактагы жаңы стандарттарды түзөт. Apple CarPlayдин зымсыз интерфейси ар түрдүү жаны смартфондорду унаага оңой эле кошууга мүмкүндүк берет.
  • Санарип прибордук панели Toyota RAV4түн жаңыланган 12,3 дюймдук санарип прибордук панелин стили жана чыгарылган маалыматы айдоочунун каалоосуна жана айдоо шарттарына ылайыкташтырылышы мүмкүн. Төрт тематикалык стиль жеткиликтүү: Casual, Smart, Sport жана Tough. Айдоочунун каалоолорун канааттандыруу үчүн 3 компонент каралган. Ошондой эле Сиз дисплейде чагылдырылышы керек болгон маалыматты тандай аласыз.
19" жеңил эритме дисктер
Чакан дизайн
Стилдүү отургучтар
Ыңгайлуу салон
Өтүмдүү

19" жеңил эритме дисктер

Ийкемдүү дизайндын элеганттуу жеңил эритме дисктери

Чакан дизайн

Радиатордун торчосунун жана туманга каршы фаралардын кооз жана көлөмдүү дизайны менен таасир калтырыңыз. Ал эми алдыңкы спойлер сүйрү дизайнын күчөтөт.

Стилдүү отургучтар

Интерьер ыңгайлуу гана болуш керек эмес – анын көрүнүшү да мыкты болушу шарт. Интерьерди кара булгаары менен аткаруу вариантынан тышкары интерьердин жаңы түстөрү – боз жана саргылтым сунушталат. Ал эми ыңгайлуу отургучтар жагымдуу колдоону камсыз кылат.

Ыңгайлуу салон

Алдыңкы панелинде керектүүнүн бардыгы бар: маанилүү маалыматтарды тез арада окуу үчүн жука пленкалык резисторлордо (TFT) 12,3-дюймдук санарип прибордук панели, HD классындагы 8-дюймдук түстүү мультимедиялык дисплей, навигация системасы, Apple Carplay зымсыз интерфейси ж.б.

Өтүмдүү

Кузовдун кичирейтилген свестери жана жакшыртылган геометриясы унааны оңой жайгаштырууга эле эмес, тик дөңсөлөргө коркпостон чыгууга мүмкүндүк берет.

Спорттук мүнөз жана өндүрүмдүүлүгүнүн жогорку деңгээли

Toyota TSS+ комплекси. Коопсуз сапарлар үчүн

«TSS+ комплекси — бул айдоочуга унаа айдоого жардам берүү жана трассада да, шаардын көчөлөрүндө жана унаа токтотуучу жайларда да айдоону коопсуз кылуу үчүн иштелип чыккан системалардын жыйындысы. TSS+ комплекстүү унааларда Сиз ар дайым коопсуздукта болосуз».
  • Кагылышууларды алдын алуу системасы (PCS)

    Кагылышууларды алдын алуу системасы башка унаалар, жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчилер менен кагылышуу коркунучун көзөмөлдөп, кырсыктардын алдын алууга жардам берет. Система үн жана визуалдык эскертүүлөрдү берет жана керек болсо тормозду басат. Эгерде айдоочу өз убагында тормозду баса албаса, кагылышуунун алдын алуу же жеңилдетүү үчүн тормоз автоматтык түрдө колдонулат. Система унааларды, жөө жүргүнчүлөрдү, велосипедчилерди жана мотоциклчилерди аныктоого жөндөмдүү. Кесилиштердеги кагылышууларды болтурбоо жана рулдук башкарууну турукташтыруучу системасы кесилиштерден өтүп баратканда күндүзү айдоо коопсуздугун жогорулатат.

  • Адаптивдүү круиз-көзөмөлдөө (ACC)

    Бул система алдыда кетип бара жаткан транспорттук каражатына чейинки берилген аралыкты колдоого жардам берет. Эгер бул аралык кыскарса, система унаанын ылдамдыгын азайтат жана эң акырында стоп-сигналды күйгүзүп, токтотууга таасир этет.

  • Визуалдык чагылдыруу функциясы менен сокур аймактарды мониторинг кылуу системасы (BSM)

    BSM системасы сырткы күзгүлөр аркылуу арткы көрүнүштөгү көрүнбөгөн транспорттук каражаттар жөнүндө айдоочуга белги берет. Бул кыймылдын коопсуздугун бир кыйла жогорулатат (мисалы, тилкелерди алмаштырууда жана ашып өтүүдө).

  • Автоматтык токтотуу функциясы менен чыгууда артка жүрүүчү жайгашуусу бар жардам берүү функциясы (RCTAB)

    Унаа токтотуучу жайдан арткы жүрүшү менен чыгууда бул система оң жана сол жак тараптан транспорт каражатынын жакындап калганын көзөмөлдөйт, кагылышууну болтурбоо үчүн айдоочуга белги берет же унааны токтотот.

  • Панорамалык көрүү системасы (PVM)

    Бул система маневр жасоону жеңилдетет жана төрт камеранын сүрөттөрүн унаанын айланасындагы панорамалык сүрөткө бириктирүү аркылуу коопсуздукту жогорулатат.

  • Арткы орундукта киши бар экендигин билдирген эскертүү системасы (RSRS)

    Унаадан айдоочу түшүп жаткан мезгилде бул система арткы орунда жүргүнчү же башка бир буюм бар экендиги жөнүндө эскертет. Бул эскертүү прибордук панелде билдирүү түрүндө берилет. Же болбосо (версиясына жараша) эшиктерди бекиткенден кийин авариялык жарыктандыруучу сигнализация иштейт жана зуммер сигналы берилет.

RAV4 галереясы

*Чыныгы унаанын экстерьеринин элементтери сүрөткө дал келбеши мүмкүн