1. Trade in

Trade in

Toyota сизге уникалдуу Toyota Trade-In программасын сунуш кылуу мүмкүнчүлүгү менен сыймыктанат.

Toyota Trade-In - бул унааңызды жаңы Toyota унаасына же текшерилип чыккан колдонулган унаага алмаштыруунун өзгөчө мүмкүнчүлүк.

Дилердик борбордун кесипкөй кызматкерлери унааны сизге ыңгайлуу болгон убакта алып, аны баалап жана диагностика кылып, ошондой эле андан ары аны сатуу боюнча  милдетин алат.

TOYOTA TRADE-IN ПРОГРАММАСЫНЫН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

Ылдам 
Сиз өзүңуздүн унааңыз менен келип, жаңы Тойотаңыз менен кетесиз.

Ыңгайлуу
Сиз потенциалдуу сатып алуучулар менен жолугушуу үчүн жумуштан же эс алуудан калбайсыз.

Пайдалуу
Toyota Trade-In программасынын алкагында жаңы унаа сатып алууда, сиздин унааңыздын баасы жаңы унаа үчүн насыя боюнча баштапкы төлөм катары эсептелиши мүмкүн.

Ишенимдүү
Toyota – сиздин унааңызды сатууда өз убагында акча алуунун жана жаңы же эски унааны сатып алууда сапаттуу тандооңуздун гаранты болуп саналат. 

Коопсуз
Автоунааны алмаштырууга байланыштуу бардык финансылык операциялар бир жерде ишке ашат.

УНААҢЫЗДЫ ТӨРТ КАДАМ МЕНЕН АЛМАШТЫРЫҢЫЗ

1. УНААНЫ БААЛОО

  • АЛДЫН АЛА БААЛОО

    Сатуу бөлүмүнүн кызматкерлери колдонулган унааңызды эң жакынкы дилердик борбордо баалайт, ошондой эле алдын ала баа алуу үчүн онлайн арыз толтурсаңыз болот.
  • АВТО ДИАГНОСТИКА

    Диагностика - бул баа берүүнүн акыркы этабы, анын жүрүшүндө дилердик борбордун кызматкерлери сиздин унааңыздын техникалык абалын аныктайт.

2. АВТОУНААНЫ ТАНДОО

СИЗ КАЙСЫ УНААНЫ ТАНДАЙСЫЗ?

  • ЖАНЫ TOYOTA УНААСЫ

    Унааңызды жаңы Тойотага алмаштырыңыз. Моделдердин катарын карап чыгып, өзүңүз үчүн эң жакшы Toyota моделин тандап алыңыз.
  • СЫНООДОН ӨТКӨН TOYOTA

    Toyota Tested бул колдонулган Toyota унааларын сатуу программасы. Тойота сынагынан өткөн унаалардын артыкчылыктарын карап көрүңүз.
  • КОЛДОНУЛГАН УНАА

    Жеткиликтүү колдонулган унаалар боюнча маалымат алуу үчүн Toyota ыйгарым укуктуу дилердин сатуу өкүлү менен байланышыңыз.
  • 3. ЧЫГЫМДАРДЫ ЭСЕПТӨӨ
     

    НАСЫЯЛЫК КАЛЬКУЛЯТОР

    Эң жакшы баада эң сонун Toyota унаасын алыңыз.
  • 4. TOYOTA БОРБОРУНУН БАЙЛАНЫШТАРЫ

    TOYOTA БОРБОРУН КАНДАЙ ТАПСА БОЛОТ

    Сизге жакын Toyota борборун табыңыз.