1. Buy a Toyota
  2. Used Cars
  3. Tested

«КОЛДОНУЛГАН АВТОУНААЛАР» ПРОГРАММАСЫ

Toyota дүйнө боюнча эң ишенимдүү унаа өндүрүүчүлөрдүн бири катары өзүнүн аброю менен сыймыктанат.


Сизге колдонулган унааны сунуштаганда, биз ага Toyota маркасындагы жаңы унаадан кем эмес ишенишибиз керек.


Toyota Tested - бул сизге ыйгарым укуктуу Toyota дилеринен текшерилип чыккан колдонулган унааны сатып алууга мүмкүндүк берүүчү "Колдонулган автоунаалар" программасы 

Toyota Tested сизге жогорку класстагы унааны жеткиликтүү баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн ачат!

САТЫП АЛУУ ҮЧҮН ИШЕНИМДҮҮ

Toyota Tested программасынын алкагында комплекстүү тейлөөдөн кийин сиз бардык саякатка даяр болгон ишенимдүү унаага ээ болосуз.

САТУУ ҮЧҮН ЫҢГАЙЛУУ

Toyota Tested менен сиз автоунааңызды убакытты текке кетирбестен тез жана коопсуз сата аласыз.

АР БИР TOYOTA TESTED  АВТОУНААСЫ ТӨМӨНКҮ АРТЫКЧЫЛЫКТАРДЫ КАМТЫЙТ:

  • ТОЛУК ТАЗАЛОО

    Автоунааны толук тазалоого төмөнкүлөр кирет:

    • Кузовду, салонду, капоттун астын тазалоо
    • Кузовду жылтыратуу
    • Дөңгөлөктөрдү тазалоо, шиналарды карартуу


    Автоунааңыз колдонулган экендигин Сиз гана биле аласыз 

  • НЕГИЗГИ ТЕЙЛӨӨ

    Toyota Tested автоунааларында төмөнкүлөрдү алмаштырууга болот:

    • Мотордук май жана май чыкпасы
    • Салондун аба чыпкасы
    • Тормоз калыптары жана тормоз дисктерди (зарыл болгон учурда)
    • Айнек тазалоочу щетка (зарыл болгон учурда)
    • Дөңгөлөктөрдү алмаштыруу (чегинен ашып жешилген учурда)

     

  • КОМПЛЕКСТҮҮ ТЕКШЕРҮҮ

    • Автоунаа комплекстүү текшерүүдөн өтөт: анын ички, сырткы жана техникалык абалы бааланат.
    • Автоунанын учурдагы абалы "Комплекстүү текшерүү баракчасы" аркылуу тастыкталат
  • НАСЫЯЛОО ЖАНА КАМСЫЗДАНДЫРУУ 

    • Насыялоо: колдонулган Toyota унаалары үчүн төмөн пайыздык чендер.
    • Камсыздандыруу: төмөндөтүлгөн камсыздандыруу тарифи жана жагымдуу шарттар менен камсыздандырууну узартуу.
Сиз дароо эле колдонууга ылайык автоунаага ээ болосуз