TOYOTA RELAX – 10 жылга жаңы кепилдик
БУЛ КАНДАЙЧА ИШТЕЙТ?
-
Сиз сервистик борборго унааңызды айдап келесиз. Унаа 10 жашка чыга элек жана 190 000 км ашык айдалбаган болуш керек.
-
Расмий сервистен регламенттик техникалык тейлөө өтүңүз.
-
Toyota Relax кепилдигин өндүрүштүн же топтоонун кемчиликтеринен улам келип чыккан бузуктуктар үчүн кийинки 12 айга же 10 000 км айдоодогу аласыз.
TOYOTA RELAX ТӨМӨНКҮЛӨР ҮЧҮН ЖАЙЫЛТЫЛАТ:
-
2 жылдан ашкан жылдагы же 85 000 км айдалган унаалар. Анын ичинде Toyota расмий сервистик борборунан мурда техникалык тейлөөдөн өтпөгөн айдалган унааларга да тиешелүү.
-
Казакстандагы жана Кыргызстандагы Toyota расмий дилердик тармагы аркылуу сатып алынган унаалар
-
Ошондой эле, башынан эле «Тойота Мотор Европа» расмий дилердик тармагы аркылуу сатып алынган жана Казакстан Республикасында мамлекеттик каттоодон өткөн Россиядан, Украинадан, Грузиядан жана башка Чыгыш жана Батыш Европадан импорттолгон Toyotaнын бардык унааларына
TOYOTA RELAXтын АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ
-
Кепилдик сизге унааңыздын күтүүсүз келип чыгучу чыгымдарына карата тынчтык жана коргоону берет.
-
Кепилдик кошумча төлөмдү талап кылбайт. Расмий дилерден ТТ өтүү гана жетиштүү болот.
-
Кепилдикти активдештирүү процесси эң жөнөкөй. Сизде формалдык документерге кол коюнун кажети жок.
-
Сиз ошондой эле Toyotaнын расмий сервистеринен бир гана оригиналдуу запастык бөлүктөрдү жана суюктуктарды колдонуу менен тейлөөнүн жогорку сапатын аласыз.
-
Регламенттик техникалык тейлөөнүн баа түзүлүшү аппачык. Тейлөө сайтта жеткилкитүү болгон сервистик менюга ылайык жүргүзүлөт.
-
Toyota Relax рыноктогу унааңыздын калдык наркын жана ликвиддүүлүгүн жогорулатат.
Абсолюттук тынчтык жана ишенимдүүлүк
Жогорку сапаттуу тейлөө
Toyota расмий сервисттик борборлорундагы иштер оригиналдуу запастык бөлуктөрдү пайдалануу менен жогорку квалификациялуу техникалык адистер тарабынан аткарылат.
Мастерскаялар эң заманбап жабдуулар менен жабдылган, кызматкелер Toyota унааларынджа пайдалануучу бардык технологиялар жана системалар менен менен иштөө үчүн окутулган.
Toyota Relax кепилдигин Тойота Бишкек борборунан активдештирүүгө болот.
Толугураак маалымат алуу үчүн жакынкы расмий дилердик жана сервистик борборлорго кайрылыңыз.
Көп берилүүчү суроолор
Toyota Relax кепилдиги төмөнкү унааларга жайылтылбайт:
- Башынан «Тойота Мотор Европа» расмий дилердик тармагы аркылуу сатып алынган унааларга
- Жарышууларга арналган же катышкан унааларга
- Полиция, өрт өчүргүч, медициналык жана башка шашылыш кызматтары үчун унааларга
- Колдонулган унаалардын чекене соодагерлерине арналган унаалар
Toyota Relax кепилдиги төмөнкүлөрдү жаппайт:
- Табигый эскиргендиктен жана сырткы факторлордун таасиринен улам дат басуудан келип чыккан бузулуулар жана сыныктар;
- Салондун ички жасалгасы, бамперлер, ЛБЖ (лак жана боек менен жабуу), дөңгөлөк дисктери, айнектер, күзгүлөр, фаралар;
- Ойнотуу жана иштетүү түзүлмөлөрүнүн тетиктери, ошондой эле магнитолалар, мультимедиа, навигация, динамикалар, күчөткүчтөр, сабвуферлер, видеокамералар;
- Гибриддик батареялар;
- Нормалдуу колдонуу учурунда бузулууга дуушар болгон жана табигый эскирген элементтер, деталдар