Toyota TSS+ комплекси. Коопсуз сапарлар үчүн
«TSS+ комплекси — бул айдоочуга унаа айдоого жардам берүү жана трассада да, шаардын көчөлөрүндө жана унаа токтотуучу жайларда да айдоону коопсуз кылуу үчүн иштелип чыккан системалардын жыйындысы. TSS+ комплекстүү унааларда Сиз ар дайым коопсуздукта болосуз».
Кагылышууларды алдын алуу системасы (PCS)
Кагылышууларды алдын алуу системасы башка унаалар, жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчилер менен кагылышуу коркунучун көзөмөлдөп, кырсыктардын алдын алууга жардам берет. Система үн жана визуалдык эскертүүлөрдү берет жана керек болсо тормозду басат. Эгерде айдоочу өз убагында тормозду баса албаса, кагылышуунун алдын алуу же жеңилдетүү үчүн тормоз автоматтык түрдө колдонулат. Система унааларды, жөө жүргүнчүлөрдү, велосипедчилерди жана мотоциклчилерди аныктоого жөндөмдүү. Кесилиштердеги кагылышууларды болтурбоо жана рулдук башкарууну турукташтыруучу системасы кесилиштерден өтүп баратканда күндүзү айдоо коопсуздугун жогорулатат.
Адаптивдүү круиз-көзөмөлдөө (ACC)
Бул система алдыда кетип бара жаткан транспорттук каражатына чейинки берилген аралыкты колдоого жардам берет. Эгер бул аралык кыскарса, система унаанын ылдамдыгын азайтат жана эң акырында стоп-сигналды күйгүзүп, токтотууга таасир этет.
Визуалдык чагылдыруу функциясы менен сокур аймактарды мониторинг кылуу системасы (BSM)
BSM системасы сырткы күзгүлөр аркылуу арткы көрүнүштөгү көрүнбөгөн транспорттук каражаттар жөнүндө айдоочуга белги берет. Бул кыймылдын коопсуздугун бир кыйла жогорулатат (мисалы, тилкелерди алмаштырууда жана ашып өтүүдө).
Автоматтык токтотуу функциясы менен чыгууда артка жүрүүчү жайгашуусу бар жардам берүү функциясы (RCTAB)
Унаа токтотуучу жайдан арткы жүрүшү менен чыгууда бул система оң жана сол жак тараптан транспорт каражатынын жакындап калганын көзөмөлдөйт, кагылышууну болтурбоо үчүн айдоочуга белги берет же унааны токтотот.
Панорамалык көрүү системасы (PVM)
Бул система маневр жасоону жеңилдетет жана төрт камеранын сүрөттөрүн унаанын айланасындагы панорамалык сүрөткө бириктирүү аркылуу коопсуздукту жогорулатат.
Арткы орундукта киши бар экендигин билдирген эскертүү системасы (RSRS)
Унаадан айдоочу түшүп жаткан мезгилде бул система арткы орунда жүргүнчү же башка бир буюм бар экендиги жөнүндө эскертет. Бул эскертүү прибордук панелде билдирүү түрүндө берилет. Же болбосо (версиясына жараша) эшиктерди бекиткенден кийин авариялык жарыктандыруучу сигнализация иштейт жана зуммер сигналы берилет.