Skip to Main Content (Press Enter)
Связаться

Техникалык тейлөө

Toyota расмий дилердик тармактарында тейлөөнүн артыкчылыгы

Toyotaнын оригиналдуу запастык тетиктери

Расмий дилерден Сиздин унаа бир гана оригиналдуу запастык тетиктерди пайдалануу менен тейленет.

Иштин жогорку сапаты

Аткарылган иштердин сапатынын көп деңгээлдүү контролу, адистештирилген диагностикалык жабдуулар бар жана эң актуалдуу техникалык регламентке ээ

Toyota Relax кепилдиги

ТТ регламентин өтүүдө Сиздин унаа үчүн кийинки 12 айга Toyota Relax кепилдиги автоматтык түрдө активдештирилет.

Toyotaнын квалификацияланган механиктери

Toyotaнын механиктери иштин бай тажрыйбасына ээ, үзгүлтүксүз сертификациядан өтүп турат жана эң актуалдуу техникалык документтерге ылайык иштейт.

Ачык баа түзүмдөрү

Тейлөөгө жазылганыңызда Сиз иштин жана запастык болүкчөлөрдүн наркы тууралуу толукмаалымат аласыз

Ар бир кардарга кам көрүү

Toyota ар бир кардарына жана унаага аяр мамиле кылат. Унааңыздын кузову жана салону цехте кезинде ишенимдүү корголгон.

Унааны техникалык тейлөө төмөнкүлөрдү камтыйт:

Төмөндөн Сиз унаанын техникалык тейлөө процессин жүргүзүүдөгү белгилүү иштери менен таанышасыз

Муздатуучу суюктук болуп саналган антифриз унааны туура иштетүүдө эң башкы ролду ойнойт. Анын башкы милдети болуп кыймылдаткычты муздатуу болуп саналат. Муздатуучу суюктук минималдуу талап кылынуучу деңгээлинен төмөндөп кеткен учурда кыймылдаткычтын ысып кетүү коркунучу бир топ жогорулайт. Албетте, бул унаага көп сандаган көйгөйлөрдү алып келет. Антифриздин деңгээлин үзгүлтүксүз текшерип туруу ушул сыяктуу көйгөйлөрдүн келип чыгышын ишенимдүү алдын алат.

Аба чыпкасын өз убагында алмаштырбаган учурда унаанын ээси бир катар терс кесепеттерге дуушар болот: кыймылдаткычка келип түшкөн абанын көлөмү бир топ азаят. Жыйынтыгында күйүүчү майды натыйжалуу күйгүзүү үчүн аба жетишпей баштайт. Бул күйүүчү майдын ашыкча чыгымдалышына алып келет.

Мотор майы жумушчу элементтердин сүрүлүүсүн жана эскиришин азайтат, оптималдуу температураны кармап турат жана дат басууга жол бербейт. Техниканы эксплуатациялоодо мотор майы акырындык менен өзүнүн натыйжалуулугун жоготот. Кыймылдаткычтын жакшы абалын сактоо үчүн, май жана май чыпкасын үзгүлтүксүз алмаштыруу зарыл.

Тормоздук суюктук унаанын иштешиндеги эң маанилүү компоненттердин бири болуп саналат: ал унаанын тормоздук системасына күч берип турат, тормоздун педалынын жана тормоздук колодкалардын механикалык кыймылдарынын ортосундагы өз ара аракеттерди камсыз кылат, алар унаанын ылдамдыгын азайтуу учурунда сүрүлүүнү пайда кылат.

Салон чыпкасы аркылуу абанын вентилдөө жана кондиционерлөө системасынан келген бардык абанын агымы өтөт. Салон чыпкасын үзгүлтүксүз алмаштырып туруу унаанын салонуна киргенде жагымсыз сезимдерди алып келген аллергендерден жана башка дүүлүткүчтөрдөн абаны чыпкалоону камсыз кылат.

Тормоздук дисктер жана колодкалар - үзгүлтүксүз жүктөмгө дуушар болгон унаанын тетиктери. Мезгил-мезгили менен иштен чыгат, аларды алмаштырып туруу мыйзам ченемдүү натыйжа. Бул маселедеги камырабастык олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Дисктерди жана колодкаларды үзгүлтүксүз текшерүү жана өз убагында алмаштырып туруу Сиздин коопсуздугуңуздун кепилдиги болуп саналат.

Техникалык тейлөөнүн регламенти

Сизди кызыктырган моделди жана кыймылдаткычтын көлөмүн тандаңыз. ТТ карата бааларды көрүү үчүн башка маалыматтарды да көрсөтүңүз.

Базалык мезгилдүү ТТ иштерине милдеттүү киргендерден башка унааңыздын техникалык абалына жана айдалгандыгына жараша базалык ТТ жүргүзүүнүн наркына кирбеген, кошумча сервистик иштер талап кылынышы мүмкүн. Мындай иштерди жүргүзүүнүн зарылдыгы жана алардын наркы жөнүндө маалыматты Сиз конкреттүү дилердик/сервистик борбордун сервистик консультантынан алсаңыз болот.

Бул маалымат оферта болуп саналбайт, анын ичинде коомдук маалымат эмес жана маалыматтык мүнөздү гана алып жүрөт. ТТга карата баалар тууралуу кененирээк маалыматты Сиз Ыйгарым укуктуу дилерлерден жана Тойота сервистик борборунан ала аласыз.