Skip to Main Content (Press Enter)
Связаться

Булактарга кайрылуу: абсолюттук жаңы Toyota Land Cruiser Pradoнун дүйнөлүк премьерасы

  • Жаңы Toyota Land Cruiser Prado сапат, бекемдик жана ишенимдүүлүк сыяктуу салттуу кадыр-баркка ээ, ошондуктан эксплуатациялоонун эң татаал шарттарын ишенимдүү көтөрө алат.
  • Жолдогу жана андан тышкаркы жердеги кыймылдын укмуштуу мүнөздөмөсүнө легендарлуу Land Cruiser ДНКсынын жана жаңы технологиялардын айкалышы менен жетти.
  • Жаңы GA-F рамалык платформасы кузов менен раманын катуулугунун бир кыйла жогорулашын камсыз кылат, ошондой эле айдоочунун командасына, жүрүү мүнөздөмөсүнө жана башкаруучулугуна унаанын баш ийүүсүн жакшыртат.
  • Биринчи жолу Land Cruiser Prado рулдук башкаруунун электр күчөткүчү жана туурасынан кеткен туруктуулуктун жаңы активдүү турукташтыргычы менен жабдылды.
  • Тандоого күйүүчү майдын үнөмдүүлүгү жана күчтүүлүгүнүн оптималдуу балансы менен айырмаланган үч күч агрегаты сунушталат.

Бүгүн Toyota компаниясы 70 жылдан ашуун Land Cruiser аталышы бекемдикти жана ишенимдүүлүктү билдирген бардык салттуу баалуулуктарга негизделип жасалган жапжаңы Land Cruiser Prado сыймыктануу менен сунуш кылат.

Land Cruiser моделинин легендарлуу ДНКсы жаңы технологиялар менен кошумчаланды, эми мындан ары татаал жолдордо жана күнүмдүк айдоодо кыймылдын мүнөздөмөсүн көбүрөөк жакшыртылат. Жыйынтыгы болуп, Land Cruiserдин дүйнөлүк репутациясы эң катаал шарттарда да үйгө аман-эсен жетип, кайра кайтып келүү үчүн ишенимдүү унаа катары саналганында.

Сыймыктанууга мүмкүн болгон мурас

Land Cruiser 1951-жылы 1-августта Toyota BJ аталышы менен 72 жыл мурун пайда болгон. Бир нече убакыттан кийин бул модель өзүнүн мыкты сапатын жана укмуштуу мүмкүнчүлүктөрүн тастыктады, ал Фудзи тоосунун бетинде алтынчы станцияга чейин жете алган биринчи унаа болгон.

Ошондон бери Тойотанын адистери Land Cruiserди канчалык катаал шарттар болбосун, толук коопсуздукта кардарларды каалаган жерине жеткирип бере ала тургандай кылып иштеп чыгууда. Бекемдикти, ишенимдүүлүктү жана Land Cruiserдин жолтандабас мүнөздөмөсүн жогорулатууну туруктуу жана олуттуу өзгөртүү дүйнө жүзү боюнча ар кандай шарттарда унааларды айдаган айдоочулардын пикирлерине милдеттүү.

Ошондуктан, ушундай дүйнөлүк таанымалдыгынан Тойота үчүн эң көп сатылуучу модель болуп калды: бүгүнкү күндө * 170текн ашуун өлкөдө жана региондордо 11,3 миллион унаа сатылган.

* 2023-жылдын июнундагы дайындар боюнча

Жаңы GA-F платформасы менен жакшыртылган салттуу артыкчылыктар

Жаңы Land Cruiser Prado классикалык бекем рамалык конструкциясын сактап калган. Land Cruiser 300 сыяктуу эле, ал жолтандабастык сапаттарын олуттуу жогорулатууда негизги ролду ойногон Toyota GA-F платформасынын базасында пайда болгон.

Ошол эле учурда бул жаңылык жолдо көбүрөөк ыңгайлуу кыймылды манервлейт жана камсыз кылат, бул Тойотанын күнүмдүк пайдаланышы үчүн тыкан жана ыңгайлуу унааны

Жаңы моделдин рамасы 50%га бекемрээк болуп калды, ал эми кузовдун жана раманын жалпы бекемдигин 30%га жогорулатууга мүмкүн болду. Буга байланшытуу айдоочунун командасына унаанын ийкемдүүлүгү, кыймыл учурундагы башкаруучуулугу жана ыңгайлуулугу бир топ жакшыртылды. Мындан тышкары, иштеп чыгуучулар илмектин мүнөздөмөсүн жогорулатышты, бул татаал жолдордогу кыймыл учурундагы өзгөчө маанилүү болгон дөңгөлөктөрдүн жүрүшүн жогорулатууга алып келди.

Рулдук башкаруунун жаңы электр күчөткүчү

Биринчи жолу Land Cruiser Pradoго рулдук башкаруунун электр күчөткүчүн орнотуп башташты (EPS). Ал адатта аң-дөң жолдордо жүрүүдө келип чыккан тескери күчтү азайтат, ошондой эле ар кандай ылдамдыкта салмактуу, түздөн-түз жана жеңил рулдук башкарууну кепилдейт. EPS системасын аркасы менен жаңы Land Cruiserди Lane Tracing Assist тилкесин башкаруу системасы менен толуктоого болот, ал Toyota Safety Sense коопсуздук жана айдоочуга жардам берүү системаларынын тобуна кирет.

Туурасынан туруктуулугунун активдүү алдыңкы турукташтыргычы - Toyota компаниясы үчүн жаңылык

Жаңы Land Cruiser Pradoнун жолтандабас мүнөздөмөсү туурасынан туруктуулугунун жаңы активдүү алдыңкы турукташтыргычы жогорулатылган. SDM системасы (Stabiliser with Disconnection Mechanism - ажыратуу механизми бар турукташтыргыч) биринчи жолу Toyota компаниясы тарабынан колдонулган. Эми айдоочу туурасынан туруктуулугунун турукташыргычынын абалын приборлор панелинен өзгөртөалышат. Ажыратылган турукташтыргыч алдыңкы дөңгөлөктөрдүн жүрүшүн тездетет, анын аркасынан аң-дөң жолдордо жүргөн кыймылды жакшыртат, бириктиргенден кийин кадимки жолдордогу башкаруулуулуктун ыңгайлуулугун жана мүнөздөмөсүн жогорулатат.

Өркүндөтүлгөн Multi-Terrain Monitor жана Multi-Terrain Select системалары татаал жолдордогу кыймылды бир топ жеңилдетет. Multi-Terrain Monitor системасы унаанын айланасындагы жана алдындагы мейкиндиктин так көрүнүшүнө жакшы мүмкүндүк берген дисплейди чыгаруу үчүн жогорку сапаттагы камераны колдонот, ал эми Multi-Terrain Select системасы татаал жолдогу кыймылдын шарттарына унаанын параметрлерин автоматтык түрдө адаптациялайт.

Жаңы күч агрегаттары

Күч агрегаттарынын линиясы бул моделдин жардамы менен кардарлардын жагымдуу жашоо образына чоң салым кошууга, ар кандай жолдордогу жана татаал жолдордогу кыймыл үчүн ишенимдүү унаа катары Land Cruiser Pradoнун мурдагы репутациясын бекемдөө үчүн Тойота компаниясынын умтулуусун белгилеп турат.

Кыргызстанга жаңы Land Cruiser Prado эки бензин кыймылдаткычы менен келет. Алардын бирөөсү: абсолюттук жаңы 2,4 л. 279 ат күчү менен турбирленген күч агрегаты. Бул кыймылдаткыч ошондой эле 8 баскычтуу автоматтык которгуч куту менен айкалышат жана күчтүүрөөк жана динамикалуу кыймылды камсыз кылат, тынч иштейт жана жакшыртылган экологиялык көрсөткүчтөрү менен айырмаланып турат. Мындай күч агрегаты бар унаалар 2,5 тоннага чейин чиркегичти ташый алат.

Ошондой эле базалык үнөмдүү варианты да жеткиликтүү - 2,7 литрлик атмосфералык бензин кыймылдаткычы, 163 ат күчүнө ээ жана 1,5 тоннага чейинки чиркегичти тарта алат.

Кийинчерээк Кыргызстандын рыногуна бул класстагы унаалар үчүн жапжаңы гибриддик күч орнотмосу бар комплектация келет, ал 8 баскычтуу автоматтык трансмиссиясы менен жана төрт дөңгөлөгү иштеген жогоруда аталган 2,4 литрлик турбирленген кыймылдаткычтан турат.

Дизайны: салттуу балуулуктарды жана заманбап тенденцияларды гармониялуу айкалыштырат.

Салттуу жана заманбап чечимдерди айкалыштырып, иштеп чыгуучулар ар түрдүү татаалдыктарды жеңип өтө тура алган унаанын мүмкүнчүлүгүн баса көрсөткөн мезгил менен чектелбеген сырткы келбетти түзүштү. Мындан тышкары, унаанын дизайнына функционалдык сулуулук киргизилген, ал адатта мыкты кесиптик шаймандар үчүн мүнөздүү.

Жаңы Land Cruiserдин укмуштуу сырткы келбети булактарга кайрылуу идеясын чагылдырып турат, ошондой эле өзгөчө практикалык жана анын максаыт менен унаанын сырткы келбетинин дал келүү принциби. Татаал жолдогу ишенимдүүк кыймылына кыскартылган свестер , ойлонуштурулган формалардын бурчтары жана кузовдун ичкертилген алдыңкы бөлүгү түрткү берет.

Капталынан караганда Land Cruiserдин классикалык силуэти ачык байкалган горизонталдык линиялары байкалып турат. Унаанын габариттик узундугу 4920 мм, туурасы — 1665 мм, бийиктиги — 1870 мм, ал эми дөнгөлөк базщасынын узундугу — 2850 мм түзөт.

Тандоого 5 же 7 орундук салондун варианты сунушталат, ал эми анын дизайны чыныгы жол тандабастын адаттан тыш бекемдигин жана функтионалдуулугун белгилеп турат. Мисал катары татаал жолдордогу кыймылда пайдаланууга ынгайлуу болгон приборлор жана которгучтар панелинин горизонталдык компоновкасын келтирүүгө болот.

Салонду иштеп чыгууда айдоочу үчүн айлампа көрүнүшкө басым жасаган, ошондуктан маңдайкы айнектин алдына вентиляциялык тонунун жайгашуусун төмөндөткөн, ошонун эсебинен каптал айнектердин аянтын кеңейтүүгө мүмкүн болду.

Коопсуздуктун өркүндөтүлгөн системалары

Жаңы Land Cruiser жапжаңы Toyota Safety Sense коопсуздук комплекстүү системалары менен жабдылган. Ал унааны башкаруу боюнча айдоочудан жүктөмдүн жарымын алып салган алдыңкы системаларды жана технологияларды камтыйт.

Фронталдык кагылышуу коркунучу жөнүндө эскертүүнүн өркүндөтүлгөн сиситемасы (PCS)

Бул система дагы көптөгөн мүмкүн болуучу жол кырсыктарын алдын алат. мисалы, оңго/солго бурулууда же тыгындарда жүрүүдө. Ал ошондой эле алдыдага келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучун же кесилиштерден бурулууда жолду өтүп бара жаткан жөө жүргунчүлөрдү тааный алат.

Алдыда бара жаткан унаага чейинки коопсуз аралыкты колдоо жана бурулуштардагы ылдамдыкты автоматтык түрдө төмөндөтүү функциясы бар криз-контроль. (DRCC)

Алдыдагы транспорт каражатын аныктоо жана тиешелүү аралыкты колдоо үчүн бул система радардык миллиметрдик диапазондук билдиргичти жана камераны пайдаланат. Система алдыдагы транспорттук каражатты тез эле тааныйт жана жол белгилерин кесип өтүү жөнүндө билдирүү системасы (Lane Trace Assist) менен айкалышында бурулуштарда кыймыл учурунда табигый траектория боюнча унааны багыттайт. Мындан тышкары, круиз-контроль коңшу тилкеде жай бараткан айдоочу менен кагылышууну алдын алат.

LTA системасы Land Cruiser Pradoну кыймыл тилкесинин борборунда кармоого жардам берет, "тилкеге көз салуу" функциясын колдонот, ошондой эле бурулуштардан өтүүдө да жардам көрсөтөт.

Алыскы жарыкты автоматтык түрдө башкаруу системасы

Түнкү убактардагы кыймыл учурунда фаралардын алыскы жарыкты автоматтык түрдө башкаруу системасы алдыда келе жаткан унааларды аныктайт жана алыскы жарыкты автоматтык түрдө жакынкы жарыкка которот. Жыйынтыгында башка айдоочулардын көздөрүн чагылыштырбастан коркунучтарды алдын алат, ал эми сиз болсо жол кырдаалын көңүл коюу менен контролдой аласыз.

Алыскы жарыкты адаптивдик башкаруу системасы (AHS)

Алыскы жарыкты адаптивдик башкаруу системасы (AHS) айдоочуга кадимки светодиоддуу фараларга салыштырмалуу кеңири көрүнүштү камсыз кылат. Дыккаттык менен тестирлөөдө бул система узак аралыктан эле жөө жүргүнчүлөрдү жана жол белгилерин көрүүгө мүмкүндүк берерин көрсөткөн, ошону менен бирге алдыда келе жаткан транспорттун айдоочуларынын көздөрүн чагылыштырбайт.

Жапжаңы Land Cruiser Prado Кыргызстандын рыногундо 2024-жылы жеткиликтүү болот. Биздин социалдык @toyota.center.bishkek тармактарынан жаңы муундагы унааларды келиши тууралуу жаңылыктарга көз салып туруңуз.