Skip to Main Content (Press Enter)
HEV

Жаңы Toyota RAV4

“Легенда кайтып келет”

Toyotaдан кроссовер сегментинин негиздөөчүсү сегментти өнүктүрүүдө стандарттарды коюуну улантууда. Лидердин жаңы мууну аракетти кыймылдаткычтан механизмге аргындык (гибриддик) берүүнүн кубаттуулугун, Сиз бул көрүнүктүү автомобилден күткөн коопсуздук жана жолдо жүрүү жөндөмү менен айкалыштырат. Жаңы муундагы RAV4 - узак сапарга даяр.

* RAV4 аргындык (гибриддик) версиясы үчүн алдын ала баалуулуктар 

Эки технологиянын күчү: аргындын (гибриддин) эркиндиги

Казакстанда биринчи жолу - аргындык (гибриддик) RAV4. Динамикалык 2,5 литрлик кыймылдаткыч жана өзүн өзү кубаттоочу (заряддоочу) гибрид системасы менен жабдылган укмуштуу (легендарлуу) кроссовер, акыркы Toyota технологияларынын бардык артыкчылыктарын убада кылып, шаарда, канжолдо жана андан тышкары жерлерде жеңил жана ишенимдүү айдоону камсыз кылат.

“Ишенимдүү болуу үчүн иштелип чыккан”
Качан да болсо күчтүүрөөк
Ишенимдүүлүктүн жана кыймылдын эркиндигинин заманбап көрүнүшү болгон, жаңы RAV4 өзүнүн универсалдуулугу жана кылдат стили менен айырмаланат. Автомобилдин тышкы катаал көрүнүшү жана энергетикалык өзгөчөлүктөрү шаардын сыртындагы укмуштуу окуяларга даярдыгын баса белгилеп жана RAV4 салттуу сапатты жана жайлуулукту сактап, ар дайым жол баштоочу болууга умтулуусун чагылдырат.

Жаңы келбеттеги икона

Жаңы RAV4 анын чыныгы табиятын баса белгилеген катаал көрүнүшкө ээ болду. “Жашоо - бул укмуштуу окуя” дизайн концепциясы RAV4түн жаңы муунунун активдүү рухун чагылдырат жана мүмкүн эмес нерсени ишке ашырып - мүмкүн кылып, ар дайым даяр болууга тайманбастык менен убада берет.

Эң акыркы технологиялар
ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ САНАРИПТИК ТАЖРЫЙБА
Шексиз жаңы RAV4 автомобилдерди санариптештирүүнүн жаңы доорунун башталышын билдирет, анда алдыңкы технологиялар коопсуздукту жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат жана Toyotaнын бардык кырсыктарды жок кылуу боюнча түпкү максатына жетүүгө жардам берет.

Руль, педалдар, алеттер (приборлор) панели жана башкаруу элементтери жайгашкан айдоочунун жумушчу мейкиндиги (Санариптик кокпит)”

Жаңы RAV4 - бул автомобилдеги кынтыксыз санариптик тажрыйбаны жараткан эң акыркы, ылдамыраак жана көңүл калтырбаган мультимедиялык системага ээ болгон биринчи Toyota модели болуп калды.

Коопсуздук
Коопсуздук эң жогорку деңгээлде
Жаңы RAV4 жаңы стандарттарды белгилейт. Эң жаңы Toyota Safety Sense системасы комплекстүү коргоонун жаңы доорун ачат. Жогорку технологиялуу камералар жана радарлар автомобилдин айланасында динамикалык өзгөрүп турган кырдаалды дайыма көзөмөлдөп турушат. Жаңычылдыктардын (инновациялардын) арасында, айдоочу артынан тез жакындап келе жаткан унаа каражаттары жөнүндө эскерткен Rear Vision Approach индикатору бар.

Ар дайым жогорку даярдыкта

Toyota Safety Sense системасы интеллектуалдык 3D объекттерди таануу технологиясы менен жабдылат, ал тосмолорду, самокаттарды, велосипеддерди, жеңил жана жүк ташуучу автомобилдерди аныктай алат жана айдоону сиз үчүн да, башка жол кыймылынын катышуучулары үчүн да коопсуз кылат.

Келечегиңизди электрлештириңиз
Эмне үчүн Toyota?
Күнүмдүк жашоодо жөнөкөй жана айдоо ырахатын тартуулаган жаңы RAV4 гибриддик күч орнотмосу менен жеткиликтүү. Тойота гибриди электр кыймылдаткычын жана бензин кыймылдаткычын айкалыштырып, ар кандай сапарда динамиканы, үнөмдүүлүктү жана жайлуулукту камсыз кылат.

Күйүүчү майды адаттагыдай эле куюңуз

Гибридиңизге күйүүчү май куюу сиз кайда болбоңуз, тез жана ыңгайлуу. Каалаган май куюучу станцияларда кадимкидей эле бензин куюңуз.

Кыялыңызды башкарыңыз

Toyota аргындары (гибриддери) эки энергия булагын, өзүндө негизгилик менен айкалыштырат. Электр кыймылдаткычы(тары) бензин кыймылдаткычын толуктап, таасирдүү ылдамданууну камсыз кылат.

Кубаттоо (заряддоо) талап кылынбайт

Тойота гибриддеринин тартуучу батареялары айдап баратканда учурда эле кубатталат (заряддалат). Ички күйүүчү кыймылдаткычтын жардамы менен Сиз күйүүчү майдын бир багы менен жүрө ала турган максималдуу аралык же кубаттоо (заряддоо) жөнүндө кабатырланбай койсоңуз болот.
Электрлештирилген автомобиль - бул кандайдыр бир деңгээлде бир же бир нече электр кыймылдаткычтары менен кыймылга келтирилүүчү унаа каражаты.