Стандарттык жабдуулардын өзгөчө деңгээли
Toyota LC300 тосуп алыңыздар: кубаттуу SUV дизайны жана өзүн тартып алуучу сапарлар үчүн аракетти кыймылдаткычтан төрт дөңгөлөккө бирдей бергендер классындагы эң мыкты
-
Дизайн
-
Жол тандабас мүнөздөмөлөрү (тех.)
-
Жолдогу мүмкүнчүлүктөр
-
Коопсуздук
-
Ыңгайлуулук
-
Жайлуулук
Read timed out
POST https://dxp-webcarconfig.toyota-europe.com/v1/grade-selector/kg/ky?modelId=92aa73e0-411e-4633-a620-9784ffbfcd2b
Дизайн
Кылдат мыктылык
Өзүнүн таасирдүү пропорциялары жана күчтүү сызыктары менен Land Cruiser 300 кайталангыс келбетке ээ. Легендарлуу мурункулардын салтын улантуу менен, Land Cruiser өзүнүн таанымал ДНКсын түбөлүктүү силуэтте сактап калды. Шаарда, трассада же өтүүгө болбой турган жерлерде - Land Cruiser 300 кандай гана шарттарда болбосун өзүн ишенимдүү сезет.
Дизайн
-
Кузов
-
Түбөлүктүү көркөмдүк
Land Cruiser — жол тандабастар арасындагы кемчиликсиздиктин символу. SUV классынын башка мүчөлөрүнүн фонунда ал бөтөнчө (уникалдуу) башкаруусу жана дароо таанымал дизайны менен өзгөчөлөнөт. Land Cruiser 300 күчтүү, узартылган капотунан тартып, жолдогу ишенимдүү көрүнүшүнө чейин, өзүнүн түпкү тамырларына бекем бойдон турат. -
Стиль менен шайкеш өндүрүмдүулүк
Land Cruiser 300 — бул дизайндын, алдыңкы технологиянын жана функционалдуулуктун шайкеш (гармониялуу) айкалышы. Автомобилдин алдыңкы бөлүгүндө ишенимдүү жана күчтүү келбетти баса белгилеген фирмалык LED фаралар жана бир бөлүктөн турган радиатор торлору көңүлдү бурат.
-
Салон
-
Ыңгайлуулуктун кепилдиги
Теңдешсиз ыңгайлуулукту баалаңыз.Land Cruiser 300 салону Сизди сонундуктун жана кенендиктин атмосферасына батырат жана кынтыксыз эргономикасы жана премиум материалдары менен айырмалат. Эстутум функциясы, жылытуу жана желдетүү менен электр менен жөнгө салынуучу отургучтар, күнү бою ыңгайлуулукту кепилдейт. -
Олпок отургучта чалкалап, сапардан ырахат алыңыз.
Land Cruiser 300 орундуктарынын экинчи катарындагы жүргүнчүлөр үчүн да эргономикалык жактан иштелип чыккан жылытуучу жана желдетилген отургучтарында да өзгөчө ыңгайлуулук жеткиликтүү. Төрт зоналык климат-контроль ар кандай аба ырайында максималдуу ыңгайлуулукту камсыз кылат. -
Ар бир майда-чүйдө тетигине чейин кемчиликсиздик
Ички жасалганын ар бир элементи ыңгайлуулукту, эргономиканы жана бышыктыкты эске алуу менен иштелип чыккан. Эшик панелинде ыңгайлуу жайгашкан которгучтар, смартфондун зымсыз кубаттоосу жана чоң чөйчөк кармагычтар сыяктуу деталдар, ар бир сапардын ыңгайлуулугун жогорулатат. -
Баардыгы үчүн орун жетиштүү
Кенен салону жана бүктөлүүчү арткы отургучтар менен Land Cruiser 300гө жүктү гана эмес, ошондой эле активдүү эс алуу үчүн сырткы шаймандарды да оңой эле батыра аласыз. Бийиктиги электр менен жөнгө салынуучу жана эс тутум функциясы менен арткы эшиктен жүктөө да жөнөкөйлөтүлгөн. -
GR Sport
-
Өзүңүз жөнүндө билдирүү жасаңыз
GR SPORT топтому көп нерсеге умтулгандар үчүн иштелип чыккан жана ибадат (культовый) Toyota жол тандабасына ого бетер таасирдүү жана динамикалык келбетти энчилейт. Чыныгы жана танууга мүмкүн болбогон Land Cruiser 300 GR SPORT өзүнүн бөтөнчөлүгүн (уникалдуулугун) баса белгилеген таасирдүү дизайн чечимдери менен өзгөчөлөнөт. -
Укмуштуудай дизайн
Land Cruiser 300 GR SPORTтун бөтөнчө (уникалдуу) жана таасирдүү келбети Land Cruiserдин чыныгы рухун сактап турат. Алдыңкы кубаттуу бампер, дөңгөлөктүн таасирдүү кара аркалары, стилдүү Toyota логотиби жана таанымал GR SPORT эмблемасы — Сиздин автомобилиңиз ар дайым көңүл борборунда болот.
Кынтыксыз салон
Динамика
Болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөр
Land Cruiser 300 ар бир сапарда жаңы стандарттарды белгилейт. Салмактуу жүрүү жана жолдо ишенимдүү башкаруу, укмуштуудай өтө ала тургандыгы менен айкалышат. Мыкты динамикалык мүнөздөмөлөр бекем рама, ылдыйкы салмак борбору жана рулдун жаңыланган гидравликалык күчөткүчү менен камсыз кылынат, бул ар кандай ылдамдыкта кынтыксыз башкарууга кепилдик берет.
Динамика
-
Жолсуздук жерлерде жүрүү үчүн эң жакшы
-
Тоскоолдуктарды жеңүү үчүн иштелип жасалган
Land Cruiser 300дун мүмкүнчүлүктөрү – жолдо да, жолдон тышкары да – бекем рамага, ылайыктуу (оптималдуу) салмак бөлүштүрүүгө жана жеңил платформага негизделген. Бул функциялар биригип динамиканын, коопсуздуктун жана айдоо ыңгайлуулугунун жаңы стандарттарын белгилейт. -
Өтүү мүмкүн болбогон жолдор жок
Жер менен автомобилдин эң астыңкы тетигинин аралыгындагы заңкыйган тилке (клиренси), аракетти кыймылдаткычтан төрт дөңгөлөккө бирдей туруктуу берүү жана жол тандабастын далилденген ишенимдүүлүгү менен Land Cruiser 300 теңдешсиз өтө ала тургандык мүмкүнчүлүгүнө ээ. Блокирокаланган дифференциал, өркүндөтүлгөн асылмага жана аракетти кыймылдаткычтан төрт дөңгөлөккө бирдей берүү менен төмөндөтүлгөн ылдамдыкта, Сиз каалаган жолду багындыра аласыз.
-
Теңдешсиз технологиялар
-
Автомобилге толук контроль
Жолсуз жерде жүрүүдө максималдуу ыңгайлуулук үчүн, Land Cruiser 300 Toyotaнын алдыңкы e-KDSS асылмасын кинетикалык турукташтыруу системасы менен жабдылган. Ыңгайлуу жүрүүнү камсыз кылуу үчүн, Auto Multi-Terrain Select системасы жол шарттарын алдын ала талдап, салмактуу жүрүү үчүн автомобилдин иштешин ылайыкташтырат (оптималдаштырат). -
Баары көзөмөлгө алынган
Жолсуз жер боюнча жүрүү, кырдаалды толук көзөмөлдөөнү талап кылат. Жогорку чечилиштеги камералары бар 3D Multi-Terrain Monitor системасы мультимедиялык экрангда жол абалынын, анын ичинде автомобилдин астындагы жердин рельефинин сүрөтүн көрсөтөт.
-
3,5 литрдик бензиндик кыймылдаткыч
Күч орнотмо3,5 литрдик бензиндик кыймылдаткычКубаттуулугу (аттын күчүнө барабар)415Күйүүчү майдын чыгымы (100 чакырымга /л)12.1CO2 (g/100km)275Саатына 0дөн -100 чакырымга чейин ылдамдоо6.8Аракетти кыймылдаткычтан дөңгөлөккө берүүАракетти кыймылдаткычтан төрт дөңгөлөккө бирдей берүүКыймыл берүүнү которуу коробкасы10 баскычтуу автоматтык которуу коробкасы -
4,0 литрдик бензиндик кыймылдаткыч
Күч орнотмосу4,0 литрдик бензиндик кыймылдаткычКубаттуулугу (аттын күчүнө барабар)275Күйүүчү майдын чыгымы (100 чакырымга /л)12.4CO2 (g/100km)283Саатына 0дөн -100 чакырымга чейин ылдамдоо10.7Аракетти кыймылдаткычтан дөңгөлөккө берүүАракетти кыймылдаткычтан төрт дөңгөлөккө бирдей берүүКыймыл берүүнү которуу коробкасы6 баскычтуу автоматтык которуу коробкасы -
3,3 литрдик дизелдик кыймылдаткыч
Күч орнотмосу3,3 литрдик дизелдик кыймылдаткычКубаттуулугу (аттын күчүнө барабар)299Күйүүчү майдын чыгымы (100 чакырымга /л)8.9CO2 (g/100km)235Саатына 0дөн -100 чакырымга чейин ылдамдоо6.9Аракетти кыймылдаткычтан дөңгөлөккө берүүАракетти кыймылдаткычтан төрт дөңгөлөккө бирдей берүүКыймыл берүүнү которуу коробкасы10 баскычтуу автоматтык которуу коробкасы
Коопсуздук
Мыкты башкарууга боло тургандык
Айдоодо инновациялык технологиялар коопсуздуктун, эң жогорку деңгээлине кепилдик берет. Toyota Safety Sense системасынын эң жаңы версиясы менен, Land Cruiser 300 кагылышууну болтурбоочу - Pre-Collision System (PCS) өркүндөтүлгөн системасы менен жабдылган. Кыймыл тилкесин алмаштыруунун жардамчылары Lane Change Assist (LCA) жана айдоочу көрө албаган айланадагы мейкиндиктин бир бөлүгүн контролдоо системасы Blind Spot Monitoring (BSM), жүрүү тилкесин алмаштырууда айдоочуга колдоону камсыз кылат.
Коопсуздук
-
Toyota Safety Sense
-
Коопсуз жана ыңгайлуу сапарлар үчүн
Land Cruiser 300 сутканын түнкү мезгилинде да жана шаардык шарттарда да жүрүүдө, айдоочуга колдоо көрсөтүүнү камсыз кылып турган, алдыңкы коопсуздук технологиялар менен жабдылган. Алыскы жарыкты автоматтык башкаруу системасы (AHB) башка жол кыймылынын катышуучулардын көздөрүн уялтпастан, сутканын түнкү мезгилинде көрүүнү жакшыртат. Коопсуз чыгуу системасы (SEA) шаардын көп кыймылдуу көчөлөрүндө эшиктерди ачууда, мүмкүн болгон кагылышуулар жөнүндө эскертет. -
Кагылышууну болтурбоо (PCS) системасы
Кагылышууну болтурбоо системасы тоскоолдуктарды аныктоого жөндөмдүү жана башка автомобилдер, жөө жүргүнчүлөр, велосипедчендер жана мотоциклчендер менен кагылышууларды болтурбоого жардам берет. Система үн жана көрүнөө (визуалдык) эскертүүлөрдү берет жана керек болсо тормозду ишке киргизет. Эгерде айдоочу тормозду басканга жетишпей калса, кагылышууну болтурбоо же жеңилдетүү үчүн, тормоз автоматтык түрдө ишке кирет. Мындан тышкары, жолтоомдорундагы (перекрестоктордогу) кагылышууларды болтурбоо (Intersection Collision Avoidance Support) жана өзгөчө кырдаалдарда рулду турукташтыруу (Emergency Steering Assist Support) системалары жолтоомдорунан өтүүдө жана тоскоолдуктарды кескин айланып өтүүдө күндүз жүрүү коопсуздугун жогорулатат. -
Алдыда бараткан автомобилге чейин коопсуз аралыкты сактоо функциясы менен ыңгайлашуу (адаптивдүү) круиз-контроль (DRCC)
Алдыда бараткан унаа каражатына чейинки белгиленген аралыкты сактоого жардам берет. Эгер бул аралык азайса, система автомобилдин ылдамдыгын жайлатат жана өзгөчө учурларда тормоз чырактарын күйгүзүү менен тормозду ишке киргизет. -
АЛЫСКА ЖАРЫК БЕРҮҮ ФАРАЛАРДЫ АВТОМАТТЫК БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ (АНВ)
Алыска жарык берүүнү автоматтык башкаруу системасы, бардык жол кыймылынын катышуучулары үчүн түнкү айдоодо оптималдуу көрүнүүнү камсыз кылат. Артты көрүү күзгүсүнө орнотулган камера келе жаткан автомобилдердин фараларынын жарыгын тартып белгилеп жана ошол эле учурда көчө жарыктарынын жарыктыгын көзөмөлдөйт. Система алыс жана жакын жарык берүүнү автоматтык түрдө алмаштырып, коопсуздукту жана ыңгайлуулукту камсыз кылуу менен, айдоочуга жолго толук көңүл бурууга мүмкүндүк берет. -
Айдоочу көрө албаган айланадагы мейкиндиктин бир бөлүгүн контролдоо системасы (BSM)
Рулдун үстү жагына орнотулган камеранын жардамы менен бул система айдоочунун сергектигин жана абалын көзөмөлдөйт. Концентрациянын төмөндөшүнүн жана чарчоонун белгилери аныкталганда үн менен эскертүү берилет. Мындан тышкары, бул системанын маалыматтары, ыкыластуулуктун деңгээлинин төмөндөшүн баштапкы этаптарында аныктоо аркылуу, кыймылды өзгөчө токтотуу системасынын (EDSS) ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн колдонулат. -
КЫЙМЫЛДЫ ӨЗГӨЧӨ ТОКТОТУУ СИСТЕМАСЫ (EDSS)
Эгерде система айдоочу бир нече убакыт бою эч кандай аракет кылбаганын аныктаса, эскертүүчү үн сигналы берилет. Эгерде айдоочу реакция кылбаса, анда EDSS системасы автомобилди акырындык менен токтотуп, анын кыймылдын ээлеген тилкесинен сырка чыгып кетишине жол бербейт. Ошол эле учурда авариялык жарык сигналдары жандырылып, бардык эшиктердин кулпусу ачылат. Бул жол кыймылынын башка катышуучуларына эскертүү жана эгерде мындай муктаждык келип чыккан учурда авариялык өзгөчө кызматтар үчүн автомобилге кирүүнү жеңилдетүү үчүн жасалат. -
Коопсуз чыгуу системасы (SEA)
Бул системанын иштөө принциби, айдоочу көрө албаган айланадагы мейкиндиктин бир бөлүгүн контролдоо системасынын радарларына негизделген. Жүргүнчү эшикти ачканда, артта жакындап келе жаткан автомобиль же велосипедчи менен кагылышууну болтурбоого жардам берет. Кагылышуу коркунучу аныкталган учурда, артты көрүү тышкы күзгүлөрүндө жана мультимедиялык системанын дисплейинде эскертүү индикаторлору күйөт жана эскертүү үн сигналы берилет.
-
Технологиялар
Оңой башкаруу
Land Cruiser 300 санарип алеттер (приборлор) панели, Сизге бардык окуялар тууралуу дайым кабардар болуп турууңузга мүмкүнчүлүк берет. Көп функциялуу алеттер (приборлор) панели жана проекциялык дисплей менен башкаруунун жеңилдигинен ырахат алыңыз. Жеңил жооп берүүчү мультимедиялык сенсордук экран жана Apple CarPlay жана Android Auto жардамдары менен үзгүлтүксүз интеграциялоо менен сүйүктүү колдонмолоруңузга оңой жетип кириңиз.
Технологиялар
-
“Руль, педалдар, алеттер (приборлор) панели жана башкаруу элементтери жайгашкан айдоочунун жумушчу мейкиндиги (санариптик кокпит)”
-
Жолдон алаксыбаңыз
Жолго көңүлүңүздү бүт буруу үчүн, проекциялык дисплей кыймыл жөнүндө маанилүү маалыматты түздөн-түз Сиздин көрүү аймагыңызга чыгарат. 12,3 дюймдук сенсордук экран ыңгайлуу тийүү менен эле башкарууну камсыз кылат, ал эми Land Cruiser 300 жабдылуусуна кирген 14 динамиктүү JBL аудио системасы үндүн сапатын жаңы деңгээлге көтөрөт. -
Сизге керектүү бардык маалымат манжаңыздын учунда
Көп функционалдуу алеттер (приборлор) панели, кабыл алуунун жеңилдигин камсыз кылат жана кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ. Аны каттамдык (маршруттук) багыттар боюнча кеңеш берүүдөн баштап, Land Cruiser 300 айдоочуга жардам берүү системаларынын абалына чейинки, ар кандай маалыматты чагылдыруу үчүн ырастап багытоого болот.
-
-
Configure Chapter