Skip to Main Content (Press Enter)
loading content

Стандарттык жабдуулардын өзгөчө деңгээли

Жолдорду багындыруу үчүн иштелип чыккан жана кандай гана болбосун себилдикте (комплектацияда) жабдылуусу менен суктандырат.

  • Айдоо жеңилдеди

    Corolla Sedan

    Corollaны айдоо эстен кеткис сезимдерди тартуулайт

  • Эң биринчиден коопсуздук

    Toyota Corolla Sedan

    Сизди жана башка жол кыймылынын катышуучуларын коргоо үчүн иштелип чыккан коопсуздук системалары

  • Ыңгайлуу саякаттаңыз

    Toyota Corolla Sedan

    Кооз жана кенен салон ыңгайлуулугу менен айырмаланат жана стилдүү көрүнөт

  • Жумшак жана так иштеген трансмиссиялар

    Toyota Corolla Sedan

    Ар кандай абалда динамикалуу

  • Туташуу мүмкүнчүлүктөрү

     Corolla Sedan

    Toyota мультимедиялык системасы смартфонду интеграциялоону колдойт

  • Ар бир тетиктеги динамика

    Toyota Corolla Sedan

    Жылмакай контурлар Toyotaнын жарыш мурасын чагылдырат жана автомобилдин көркөмдүүлүгүн арттырат

Read timed out

POST https://dxp-webcarconfig.toyota-europe.com/v1/grade-selector/kg/ky?modelId=65bfd91d-f2a8-4cbb-bdbc-3834b400492a

Дизайн

Жашоо үчүн эң мыктысы

Corolla седаны - алдыңкы технологиянын келишимдүү көрүнүшү. Ал күйүүчү майдын үнөмдүүлүгү жана кенен салону менен практикалык күтүүлөр жагынан ашып гана түшпөстөн, заманбап дизайны, салмактуу жүрүшү жана динамикасынын эсебинен эмоционалдык деңгээлде да элес жаратат.

Дизайн
  1. Сырткы көрүнүштүн (экстерьердин) дизайны
    1. Toyota Corolla Sedan
      Ар бир тетиктеги динамика
      Corolla седанынын келбетинде кубаттуу пропорциялар жогорку технологиялык беттер менен айкалыштырылган. Анын аэродинамикалык силуэти түбөлүктүү, ошону менен бирге ар бир тетиги жана аткарылышы - заманбап эстетиканын үлгүсү. Toyotaнын жарыштык рухун камтыган GR SPORT пакети менен өз артыкчылыгыңызды баса белгилеңиз.
    2. Жарашыктуу болуу үчүн иштелип чыккан

      Динамикалык дизайн жана кооз жасалгасы Corolla седанын, ар бир майда-чүйдөсүнө чейин стилди чагылдырат.

      Toyota Corolla Sedan Toyota Corolla Sedan
    3.  Toyota Corolla Sedan
      Таасирдүү тышкы көрүнүш
      Corolla седанынын жарашыктуу, заманбап келбетинин негизги элементи - бул төмөн жайгашкан салмак борбору жана автомобилдин атлетикалык пропорцияларын баса белгилеген радиатордун көз жоосун алган тору.
    4. Toyota Corolla Sedan
  2. Салондун жайлуулугу
    1. Toyota Corolla Sedan
      Технология менен көркөмдүк айкалышкан жер
      Өз классында теңдеши жок ыңгайлуулукту жана оңтойлууукту өзүңүз үчүн ачыңыз. Атмосфералык жарыктандыруусу жана көп функционалдуу кооз дисплейлери бар Corolla седанынын жайлуу салону көп сандагы буюм сактоо жайлары жана ыңгайлуу эки зоналык климаттык көзөмөл менен жабдылган.
    2. Креслонун аркасына сүйөнүп чалкалай отуруп, сапардан ырахат алыңыз

      Corolla седанынын стилдүү, ыңгайлуу жана эргономикалык орундуктары эң узак сапарларда да ыңгайлуулукту камсыз кылат.

      Toyota Corolla Sedan  Toyota Corolla Sedan
*Сүрөттөрдө көрсөтүлгөн экстерьер жана интерьер элементтери тандалган комплектацияга жана базардагы жеткиликтүүлүккө жараша айырмаланышы мүмкүн. Толук маалымат алуу үчүн жакынкы расмий Toyota дистрибьюторуна кайрылыңыз.

Технологиялар

Санариптик технологиялар кыймылда

Corolla седанында зымсыз кубаттоо функциясы менен жабдылган жана Apple CarPlay жана Android Auto интерфейстери аркылуу кеңири туташуу мүмкүнчүлүктөрү менен айырмаланат, бул Сизге ар дайым байланышта болууга жардам берет. Corolla седанынын зымсыз байланыш боюнча программалык камсыздоону жаңыртуу функциясы менен бүт дүйнө алаканыңызда.

Технологиялар
  1. Алеттердин (приборлордун) санариптик комбинациясы
    1. Алеттердин (приборлордун) интуитивдик түшүнүктүү болгон санариптик комбинациясы
      Алеттердин (приборлордун) функционалдык санариптик комбинациясына мультимедиялык мазмун (контент) да, айдоочу үчүн маанилүү маалыматтар да чыгарылат.
    2.  Toyota Corolla Sedan
      Сизге керектүү бардык маалымат манжаңыздын учунда
      Маалыматты окуунун ыңгайлуулугу жана көрүү деңгээлинен бир аз төмөн оптималдуу жайгаштыруу айдоочунун жолдон алаксуусун азайтууга жардам берет. Интерфейсти төмөндөгү төрт дизайнердик теманын жардамы менен: Casual, Smart, Sport и Tough жекелештирүүгө болот.
    3. Corolla Sedan
  2. Мультимедиа
    1. Toyota Corolla Sedan
      Оңой башкаруу
      Corollaнын 10,5 дюймдук мультимедиа системасынын дисплейи аркылуу үзгүлтүксүз санариптик тажрыйбадан ырахат алыңыз. Apple CarPlay жана Android Auto толук колдоосу менен жаркыраган, жооп берүүчү дисплей сүйүктүү колдонмолоруңузга тез жана оңой кирүүгө мүмкүндүк берет.
    2. Навигация жана Apple CarPlay

      Corollaнын так навигация системасы менен бирге убакытты жана күйүүчү майды үнөмдөңүз. Сенсордук дисплей же үн менен башкаруу аркылуу көздөгөн жерлериңизди киргизип, экранда көрсөтүлгөн тандалган маршрут боюнча жүрүңүз.

    3. Үн таануу жана билдирүүлөр менен алмашуу

      Жолдо байланышта болуу оңой. Жаңы билдирүүлөрдү жана жоопторду тез жөнөтүү үчүн Corollaнын үн менен башкаруу жана билдирүүлөр менен алмашуу функцияларын колдонуңуз. Даяр жооп калыптары (шаблондору) менен убакытты үнөмдөңүз..

    4. Toyota Kazakhstan
  3. Configure Chapter

Жүргүн динамикасы

Кыймылга келтирүү

Corolla ар бир саякатыңызга ыңгайлуулук жана ырахат тартуулайт. Интуитивдүү жана тең салмактуу кыймылдаткычы ар кандай шарттарда жылмакай жана ишенимдүү динамиканы камсыз кылат.

Бензин кыймылдаткыч

150
6.4
  • 1.6 литрдик бензиндик кыймылдаткыч

    Күч орнотмо
    Бензин
    Кубаттуулугу (аттын күчүнө барабар)
    166
    Күйүүчү майдын чыгымы (100 чакырымга /л), Аралаш циклде
    6.4
    CO2 (g/100km), в смешанном цикле
    150
    Саатына 0дөн -100 чакырымга чейин ылдамдоо
    10.8

Айдоодон ырахаты

Ойлонулган ыңгайлуулук жана ишенимдүүлүк

Corolla седанынын өзөгүндө Toyotaнын инновация жана техникалык жетишкендиктер жагындагы бай мурасы турат, ал теңдешсиз айдоо ырахатын жана күйүүчү майдын үнөмдүүлүгүн камсыз кылат. Бул шаарда көңүлүңүзгө төп келген жана кан жолдорго да ыңгайлуу болгон ар тараптуу унаа.

Айдоодон ырахаты
  1. Configure Chapter
  2. Башкарууга боло тургандык жана ыңгайлуулук
    1. Toyota Corolla Sedan
      Жайлуулук жана толук контроль
      Corolla седанын айдоо чыныгы ырахат тартуулайт: кынапталган башкарууга боло тургандык жана кырдаалды толук көзөмөлдөө, рулга болгондогу ишенимди арттырат. Бекем кузовунун аркасында, автомобиль кандай гана болбосун жол беттеринде эң сонун салмактуу жүрүүнү көрсөтөт.
    2. Жүрүүнүн жогорку салмактуулугу жана жакшыртылган башкарууга боло тургандык

      Corolla седанынын жүрүүсүнүн жогорку салмактуулугу ар бир сапарды ыңгайлуу саякатка айлантат: андыктан Сиз көздөгөн жериңизге жеткенде өзүңүздү ар дайым сергек, толук энергиялуу сезесиз.

      Toyota Corolla Sedan Toyota Corolla Sedan
    3. Асылмалардын абдан ылайыктуу (оптималдуу) ырастап баптоолору (настройки) жана төмөн жайгашкан салмак борбору

      Төмөн жайгашкан салмак борбору жана асылмалардын тең салмактуу ырастап баптоолору (настройки) менен Corolla седанын башкаруу оңой жана жөнөкөй. Ал рулда ишенимди арттырып, айдоодон ырахат тартуулайт.

       Toyota Corolla Sedan Toyota Corolla Sedan

Коопсуздук

Коопсуздук, бир гана коопсуздук жана дагы бир жолу коопсуздук

Toyota Corolla Сиздин ишенимдүү айдоо жардамчыңыз боло турган T-Mate алдыңкы коопсуздук системасынын комплекси менен жабдылган. T-Mate — бул айдоочуга автомобиль башкарууга жардам берүү жана кан жолдордо, шаардын көчөлөрүндө жана автомобиль токтотуучу жайларда да айдоону коопсуз кылуу үчүн иштелип чыккан системалардын жыйындысы.

Коопсуздук
  1. Toyota Safety Sense
    1. Toyota Corolla Sedan
      T-Mate
      T-Mate – бул Сиздин коопсуздугуңузду камсыз кылууга арналган айдоочуга жардам берүү системасынын, Toyota Safety Sense (TSS) жаңы муундагы инновациялык комплекси. Зымсыз байланыш боюнча жаңыртуу функциясы, Сиздин автомобилиңизге бардык системалардын программалык камсыздоолорунун версияларын жаңыртып, актуалдуу кылып турууга кепилдик берет.
    2. Кагылышууларды болтурбоо системасы (PCS)
      Кагылышууну болтурбоо системасы тоскоолдуктарды аныктоого жөндөмдүү жана башка автомобилдер, жөө жүргүнчүлөр, велосипедчендер жана мотоциклчендер менен кагылышууларды болтурбоого жардам берет. Система үн жана көрүнөө (визуалдык) эскертүүлөрдү берет жана керек болсо тормозду ишке киргизет. Эгерде айдоочу тормозду басканга жетишпей калса, кагылышууну болтурбоо же жеңилдетүү үчүн, тормоз автоматтык түрдө ишке кирет. Мындан тышкары, жолтоомдорундагы (перекрестоктордогу) кагылышууларды болтурбоо (Intersection Collision Avoidance Support) жана өзгөчө кырдаалдарда рулду турукташтыруу (Emergency Steering Assist Support) системалары жолтоомдорунан өтүүдө жана тоскоолдуктарды кескин айланып өтүүдө күндүз жүрүү коопсуздугун жогорулатат.
  2. Configure Chapter

Кошумча кызмат көрсөтүүлөр

MyToyota смартфону үчүн колдонмо, камсыздандыруу кызматтары, Toyota кепилдиги жана Corolla сатып алуучуларына жеткиликтүү финансылык сунуштар жөнүндө көбүрөөк билип алыңыз.

Финансылык кызмат көрсөтүүлөр

Тoyota Financial Services Сиздин муктаждыктарыңызга ылайыкталган ийкемдүү жана ыңгайлуу финансылык өнүмдөрдү кеңири тандоону сунуштайт.

Toyota Easy

Toyota айдоо үчүн Сизге керек болгон нерселердин бардыгын, бир жөнөкөй, ийкемдүү жана жеткиликтүү Toyota Easy деп аталган мобилдик чечимге бириктирди. Сиздин муктаждыктарыңыз - биринчи орунда.

Стандарттык микрокредит

Эгер Сиз дароо автомобилдин ээси болгууну кааласаңыз жана карызды төлөөнүн жөнөкөй планы талап кылынса, анда классикалык кредитти тандаңыз.

KINTO операциялык лизинги

Ай сайын белгиленген төлөмгө жаңы Toyota автомобилинин бардык артыкчылыктарын жана камтылган кызматтардын кеңири спектрин колдонуңуз.

Камсыздандыруу

Биз авто камсыздандыруу боюнча эксперттербиз жана Toyota автомобилинин ар бир колдонуучусу үчүн жогорку сапаттуу жана жеткиликтүү авто камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүү болушун көзөмөлдөйбүз. Биз өз кардарларыбызга мобилдүүлүк чөйрөсүндөгү эң мыкты камсыздандыруу өнүмдөрүн жана кызмат көрсөтүүлөрдү гана сунуштайбыз.

TOYOTA Камсыздандыруу

Биз Toyota унааларынын ээлери үчүн сапаттуу жана жеткиликтүү камсыздандыруу чечимдерин сунуштайбыз. Биздин продуктылар жолдо өзүн коопсуз сезүүгө жардам берип, күтүлбөгөн кырдаалдардан коргойт.

Айдоо учурунда жан дүйнө тынчтыгы

Өзүңүз үчүн тейлөө жана оңдоо тармагындагы Toyotaнын чечимдерин ачыңыз. Комплекстүү техникалык тейлөө үчүн Toyotaнын ыйгарым укуктуу тейлөө борборлоруна кайрылыңыз.

Өзүңүздүн Toyota автомобилиңизди оптималдуу абалда кармаңыз

Жылдар өткөндөн кийин да Сиздин Тойота автомобилиңиз, аны сатып алган күнүңүздөгүдөй эле Сизди кубантуу үчүн, ага ыйгарым укуктуу тейлөө борборунда сапаттуу техникалык тейлөө көрсөтүлүшүн камсыз кылыңыз.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектри

Биз Toyota автомобилдерине жогорку сапаттагы техникалык тейлөө жана оңдоо кызматтарын сунуштайбыз.

Toyota сапаты

Биздин тейлөө борборлорубузда квалификациялуу механиктер гана иштешет жана нукура тетиктерди колдонушат, ошондуктан Сиз Тойотадан күткөн сапаттын деңгээлин ар дайым аласыз.