Corolla
3 000 000 сом
Укуктук эскертме
Маалыматтар алдын ала жана акыркы өркүндөтүүнү күтөт. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн регионуңуздагы ыйгарым укуктуу дилерлерден сураңыз.Жолдорду багындыруу үчүн иштелип чыккан жана кандай гана болбосун себилдикте (комплектацияда) жабдылуусу менен суктандырат.
Айдоо жеңилдеди
Corollaны айдоо эстен кеткис сезимдерди тартуулайт
Эң биринчиден коопсуздук
Сизди жана башка жол кыймылынын катышуучуларын коргоо үчүн иштелип чыккан коопсуздук системалары
Ыңгайлуу саякаттаңыз
Кооз жана кенен салон ыңгайлуулугу менен айырмаланат жана стилдүү көрүнөт
Салмактуу жана сезгич аракетти кыймылдаткычтан жумушчу машинага берүүчү вал жана анын майда бөлүктөрү (трансмиссиялар)
Ар кандай абалда динамикалуу
Туташуу мүмкүнчүлүктөрү
Toyota мультимедиялык системасы смартфонду интеграциялоону колдойт
Ар бир тетиктеги динамика
Жылмакай контурлар Toyotaнын жарыш мурасын чагылдырат жана автомобилдин көркөмдүүлүгүн арттырат
POST https://dxp-webcarconfig.toyota-europe.com/v1/grade-selector/kg/ky?modelId=65bfd91d-f2a8-4cbb-bdbc-3834b400492a
Дизайн
Corolla седаны - алдыңкы технологиянын келишимдүү көрүнүшү. Ал күйүүчү майдын үнөмдүүлүгү жана кенен салону менен практикалык күтүүлөр жагынан ашып гана түшпөстөн, заманбап дизайны, салмактуу жүрүшү жана динамикасынын эсебинен эмоционалдык деңгээлде да элес жаратат.
Динамикалык дизайн жана кооз жасалгасы Corolla седанын, ар бир майда-чүйдөсүнө чейин стилди чагылдырат.
Corolla седанынын стилдүү, ыңгайлуу жана эргономикалык орундуктары эң узак сапарларда да ыңгайлуулукту камсыз кылат.
Технологиялар
Corolla седанында зымсыз кубаттоо функциясы менен жабдылган жана Apple CarPlay жана Android Auto интерфейстери аркылуу кеңири туташуу мүмкүнчүлүктөрү менен айырмаланат, бул Сизге ар дайым байланышта болууга жардам берет. Corolla седанынын зымсыз байланыш боюнча программалык камсыздоону жаңыртуу функциясы менен бүт дүйнө алаканыңызда.
Corollaнын так навигация системасы менен бирге убакытты жана күйүүчү майды үнөмдөңүз. Сенсордук дисплей же үн менен башкаруу аркылуу көздөгөн жерлериңизди киргизип, экранда көрсөтүлгөн тандалган маршрут боюнча жүрүңүз.
Жолдо байланышта болуу оңой. Жаңы билдирүүлөрдү жана жоопторду тез жөнөтүү үчүн Corollaнын үн менен башкаруу жана билдирүүлөр менен алмашуу функцияларын колдонуңуз. Даяр жооп калыптары (шаблондору) менен убакытты үнөмдөңүз..
Айдоодон ырахаты
Corolla седанынын өзөгүндө Toyotaнын инновация жана техникалык жетишкендиктер жагындагы бай мурасы турат, ал теңдешсиз айдоо ырахатын жана күйүүчү майдын үнөмдүүлүгүн камсыз кылат. Бул шаарда көңүлүңүзгө төп келген жана кан жолдорго да ыңгайлуу болгон ар тараптуу унаа.
Corolla седанынын жүрүүсүнүн жогорку салмактуулугу ар бир сапарды ыңгайлуу саякатка айлантат: андыктан Сиз көздөгөн жериңизге жеткенде өзүңүздү ар дайым сергек, толук энергиялуу сезесиз.
Төмөн жайгашкан салмак борбору жана асылмалардын тең салмактуу ырастап баптоолору (настройки) менен Corolla седанын башкаруу оңой жана жөнөкөй. Ал рулда ишенимди арттырып, айдоодон ырахат тартуулайт.
Коопсуздук
Toyota Corolla Сиздин ишенимдүү айдоо жардамчыңыз боло турган T-Mate алдыңкы коопсуздук системасынын комплекси менен жабдылган. T-Mate — бул айдоочуга автомобиль башкарууга жардам берүү жана кан жолдордо, шаардын көчөлөрүндө жана автомобиль токтотуучу жайларда да айдоону коопсуз кылуу үчүн иштелип чыккан системалардын жыйындысы.